Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат
- 3 дня мурун
Бишкек шаарында 7-июлдан баштап, Ахунбаев көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн Юунусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2024-жылы Ахунбаев көчөсүнүн Юунусалиев көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү оңдолгон.
Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана багытты алдын ала пландоону, мүмкүн болсо, коомдук унаа менен жүрүүнү суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү