Бишкекте 5-августтан тартып айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

5-августтан тартып шаардын айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына этап-этабы менен убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.   

Бул Бишкек шаарында жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү жаңы өтмөктөрдү куруу долбоору улантылууда. Курулуш-монтаж иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу

Жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр төмөнкү даректерде курулат:

— Анкара көчөсүндө, «Глобус» соода борборунун жанында;
— Ауэзов көчөсүндө, Аламүдүн кичи районундагы №59/2 үйдүн алдында;
-7-Апрель жана Ой-Терскен көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде;
— Байтик Баатыр көчөсүндө, курулуп жаткан мечиттин жанында;
— Анкара көчөсүнүн дагы бир тилкесинде (долбоордук документацияга ылайык);
— Нуркамал жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде.

Курулуш иштери бекитилген графикке ылайык этап-этабы менен жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууга жана убактылуу жол белгилеринин талаптарын так сактоого чакырат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты