Бишкекте №3 насостук станция ачылды

  • 7 месяцев мурун

Бишкек шаарында жаңы №3 насостук станция ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, насостук станция негизги жылуулук тармактарынын гидравликалык абалын жакшыртуу жана борбор калаанын борбордук жана батыш бөлүктөрүнүн тургундарын жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн курулган.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиев жана башкалар катышты.

Мэр жаңы станция Бишкектин жылытуу системасын жакшыртууга багытталган маанилүү долбоор экенин белгиледи. Ал шаарыбызды жылуулук менен туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылат.

“Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы 143 миңден ашык абонентти жылуулук менен камсыз кылат жана шаардын маанилүү өнөр жай ишканаларынын бири болуп саналат” деди мэр Жунушалиев.

Курулуш 1986-жылдан бери пландаштырылган, бирок ар кандай себептерден улам кечеңдеп, 2024-жылы башталган. Долбоор үчүн 0,85 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Иштерди конкурстук тендердин жеңүүчүлөрү жүргүзүшкөн: долбоорлоону «Кыргыз гипрострой» ААК, ал эми курулуш-монтаждоо иштерин CRBC консорциуму жана «Технотоп» ЖЧКсы жүргүзгөн.

Курулуш учурунда Аламүдүн дарыясынын батыш жээги бекемделди, узундугу 120 метр болгон өтмөк канал курулду, диаметри 1000 мм болгон төрт түтүк төшөлдү жана аянты 576 м² болгон насостук станциянын имараты тургузулду. Объекттин курамында ар бири 2500 м³/саат кубаттуулуктагы сегиз заманбап насос, ошондой эле эки трансформатору бар трансформатордук көмөкчордон бар.

Бишкек көмөк чордонунан электр кабелдик линиялары төшөлүп, автоматташтыруу жана башкаруу жабдуулары орнотулду. Осмонкул көчөсүндөгү жол реконструкцияланып, асфальт төшөлүп, тротуарлар жана дренаж системасы орнотулду.

Сүрөт: bishkek.gov.kg


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты