Бишкекте 10-апрелге чейин 230 миңден ашык жоогазын гүлдөй турганы күтүлүүдө
- 2 месяца мурун
«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын айтымында, быйылкы жылы борбор шаар болжол менен эки миллион бир жылдык гүл менен кооздолот.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
Жоогагын гүлзарларга, сейил бактарга, аянттарга жана борбордук көчөлөрдүн боюна отургузулат.
Жылуу жаздын аркасында, 10-апрелге чейин болжол менен 230 000 жоогазын гүлдөйт деп күтүлүүдө. Бул жаркыраган гүл композициялары салттуу түрдө коомдук жайларды кооздоп, борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн майрамдык маанай жаратат.

Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




