Бишкекке газ менен жүрүүчү автобустар алынып келинди
- 3 месяца мурун
Бишкек шаарына ISUZU үлгүсүндөгү газ менен жүрүүчү 43 автобус 24-январда алынып келинди.
Бултууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Үч эшиктүү 12 метрдик автобус 85 жүргүнчүгө ылайыкталган. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын пандустар коюлган, кош бойлуу аялдар жана кары-картаңдар үчүн атайын орундуктар каралган.
Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулулугуна жооп берген жабдыктар ( камера, аба муздаткыч, телефондорду кубаттоочу жай) менен жабдылган.
Дагы ушундай 25 автобус жакынкы күндөрү алынып келүүсү күтүлүүдө.
Сүрөт: Бишкек мэриясы
Муну бөлүшүү