Бишкек өткөрүп берген активист Алена Крылова Орусияда эркинен ажыратылды

  • 5 месяцев мурун

Москванын Мещан райондук соту 19-декабрда Орусиядагы “Адам укуктары үчүн” кыймылынын мурдагы маалымат катчысы жана «Солчул каршылык» кыймылынын катышуучусу Алена Крылованы эки жылга эркиндигинен ажыратты.

Сот аны экстремисттик кыймылдын ишмердүүлүгүнө катышы бар деп тапты.

Алена Крылова 4-июнда Бишкекте кармалган. Кийинчерээк ал качкын макамын сурап кыргыз бийлигине кайрылганы маалым болгон.

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Крылова Орусияга качан экстрадиция болгону белгисиз.

Кыргызстандан башпаанек сураган дагы бир активист Лев Скорякинге Москва соту 13-декабрда Федералдык коопсуздук кызматынын алдындагы акциясы үчүн 500 миң рубль айып пул салганы белгилүү болгон. Кыргызстандык укук коргоочулар аны Бишкекте 17-октябрь түнү белгисиз адамдар уурдап кеткенин кабарлашкан болчу.

Былтыр августта Бишкекте 10-августта ондон ашык ооган качкыны Горький атындагы гүлбакта нааразылык акциясына чыгып, АКШ же Канадага жөнөтүүнү талап кылышкан. Алар Кыргызстанда узак убакыттан бери жашап жатса да, башпаанек ала албай жатканын билдиришкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты