“Бишкек суу каналда” коррупциялык схема аныкталды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан (УКМК) “Бишкек суу канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын (БСК) Бишкек шаарынын түштүк аймагында курулган жаңы көп батирлүү турак жайларга техникалык шарттарды берүү, суу түтүкчө жана канализациянын тармактарына туташтырууда коррупциялык схема аныкталды.

Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

БСКнын  жооптуу адамдары жеке курулуш уюмдарынын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, 2018-2021-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын түштүк аймагындагы 23гө жакын курулуш объектисине техникалык шарттарды, муниципалдык ишкананын бюджетине тиешелүү төлөмдөрдү төлөөнү жашыруу жолу менен беришкени аныкталган.

Мыйзамсыз иштерди жашыруу максатында БСК өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жооптуу адамдары тарабынан курулуш объектиси ийгиликтүү кошулуп, андан кийин башка тиешелүү уруксаттарды алган соң, мурда берилген техникалык шарттар кайра кайтарылып алынган. Бирок курулуп жаткан же курулушу аяктаган объект иш жүзүндө тармактарга туташкан бойдон калып калат.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 20га жакын курулуш компаниялары тарабынан БСК өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын бюджетине 311 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Аталган сумманын бир бөлүгү иштеп чыгуучулар тарабынан кайтарылып берилди.Тергөө иштери улантылууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты