Бишкек соту «Кумтөргө» коюлган 261 млрд. сомдук доону жокко чыгарды 

  • 2 года мурун

24-майда Бишкек шаардык соту «Кумтор Голд Компани» ишканасына экологиялык мыйзамдарды бузганы үчүн салынган 261,7 млрд. сом айыпты жокко чыгаруу боюнча апелляциялык арызды карады.

Бул тууралуу “Азаттыкта” жарыяланды.  

Маалыматта айтылгандай, «Кумтор Голд Компанинин» өкүлү биринчи соттук инстанциянын 2021-жылы чыгарган чечимин жокко чыгарууну жана отурумду жабык өткөрүүнү өтүндү.

Соттук коллегия отурумду ачык өткөрүп, Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарды.

2021-жылдын май айында жарандык активисттер Наристе Калчаев, Айбек Сарыбаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутманов «Кумтор Голд Компанинин» үстүнөн Октябрь райондук сотуна даттанган.

Өткөн жылы 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.  

Компания бир жылдан соң Бишкек шаардык сотко кайрылып, биринчи инстанциянын чечимине каршы даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүүсүн өтүнгөн. Быйыл 19-майда шаардык сот өтүнүчтү канааттандырган.

“Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган.

Кыргызстан менен «Центерра Голд» быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдого” 26 пайыздык акциясын өткөрүп берип бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100 акциясы Кыргызсанга өткөн.   

Президент Садыр Жапапов 10-майда кенге Эсеп палатасынын кызматкердлерин жибергенин, текшерүүнүн  жыйынтыгы менен элге эки айдан кийинг маалымат жарыяланарын билдирген.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты