Бишкек шаарынын «Тазалык» ишканасынын жетекчиси алмашты  

  • 2 года мурун

Бишкек шаарындагы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын ишине арыз жана сын-пикирлердин көптүгүнө байланыштуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров ишкананын директору Султан Алыбаевди кызматтан алуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ошондой эле таштандыны өз убагында чыгаруудагы начар иш үчүн  «Тазалык» ишканасынын директорунун орун басары дагы кызматтан алынат.

Ишкананын жаңы директору болуп Марат Алдашкуров, орун басары болуп Касымов Нурлан Куйбулбекович дайындалды.

Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты