Бишкек шаарынын муниципалдык мектептери онлайн режимге өтпөйт

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын мэриясы борбордун муниципалдык мектептери онлайн режимге өтпөй турганын билдирди.

“Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, окуучулар тууралуу коркутуулар менен видео тараткан адам Кыргызстандын аймагында эмес. Тизмеге кирген бардык мектептер текшерилип, эч кандай шектүү объектилер жана коопсуздукка коркунуч туудурган жагдайлар аныкталган жок.Окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөөнү улантууда.Буга байланыштуу муниципалдык мектептердин оффлайн режиминде иштөө чечими кабыл алынды” деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда бишкектик окуучуларды коркутуулар боюнча видео тарап, Бишкек мэриясы муниципалдык мектептер коопсуздукту сактоо үчүн онлайн режимге өтө турганын кабарлаган.

Ички иштер министрлиги тарабынан милиция кызматкерлери тарабынан коркутууларды тараткан адамдын тек-жайы аныкталды. Ал 2005-жылдын 23-октябрында туулган чет элдик жаран Овсюк Ярослав Михайлович болуп чыкты. Алынган маалыматтар боюнча, аталган жаран мурда Россиянын ИИМи тарабынан телефон аркылуу терроризмге шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөнү катталган эмес. Ошол себептен мектептер онлайн режимине өтпөй турган болду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты