Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев үй камагына чыгарылды

  • 10 месяцев мурун

Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев 10-октябрда үй камагына чыкканы белгилүү болду.  

Бишкек шаарынын Биринчи май сотунун чечимине ылайык,  Урмат Карыбаев 4-декабрга чейин үй камагында болот.

Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев камакка алынганын 9-октябрда Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирген. Анда Карыбаев 16-октябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камалганы белгиленген.

“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын башчысы кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча шектелип жатканы кабарланган.

Урмат Карыбаев бул кызматка былтыр июнь айында дайындалган.

Сүрөттө: Урмат Карыбаев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты