Бишкек шаарынын айрым бөлүгүндө 20-апрелде суу өчүрүлөт

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын айрым бөлүгүндө 20-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик жана өнөр жай объекттерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Шабдан баатыр проспектиси – Хива көчөсү (Лермонтов көчөсүнөн Чокан Валиханов көчөсүнө чейин) – Достоевский көчөсү.

Өчүрүү «Теплица» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан, тургундардан алдын ала ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.

«Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, пландалган жана авариялык суу өчүрүүлөр тууралуу билдирүүлөрдү алып турууга болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Бишкек шаарынын айрым бөлүгүндө 20-апрелде суу өчүрүлөт
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты