Бишкек шаарында Глобалдык тоо диалогу эл аралык конференциясы өтүүдө
- 4 недели мурун
Бишкек шаарында “Туруктуу өнүгүү үчүн Глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине бара жаткан жолдо” эл аралык конференциясы ачылды. 24-апрелде аталган эл аралык конференцияда Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.
“Биздин демилгебиз менен БУУнун Башкы Ассамблеясы «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясында 2023-2027-жылдарды Тоолорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялаган. Биз бардык өнөктөштөрүбүзгө колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бүгүнкү конференция ушул беш жылдыктын алкагында өтүп жатат. Беш жылдык аракеттердин Глобалдык алкактык планынын негизинде БУУга мүчө мамлекеттер тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда” деп белгиледи президент Садыр Жапаров.
Конференцияда ошондой эле Лесото падышачылыгынын премьер-министринин орун басары Жастис Нтоменг Мажара, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору Цюй Дунъюй жана Азия токой чарбасы боюнча кызматташтык уюмунун аткаруучу директору Парк Чонхо сөз сүйлөдү.
Аталган форум 50дөн ашуун Европа, Азия, Америка, Африка жана Австралия мамлекеттеринин жана 30 га жакын эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү тоолуу аймактардын туруктуу өнүүгүүсүнүн маанилүү аспектилерин талкуулашат.
Конференция эл аралык уюмдардын тоолуу аймактардын жашоочуларынын өзгөчө чакырыктарына көңүл бурдурууда маанилүү кадам болуп саналат.
Конференциянын алкагында экинчи Бишкек Глобалдык тоо саммити 2027 «Бишкек+25»ке сунуштарды иштеп чыгуу жана бергелешкен демилгелерди даярдоо пландалууда.
Конференция 24-апрелде ачылып, 25-апрелде улантылат.
Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы