Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына берилүүчү жөлөк пулду 29 миңдей адам алат

  • 1 месяц мурун

2026-жылдын 1-майына карата республика боюнча “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ай сайын берилүүчү жөлөк пулунун алуучуларынын жалпы саны 28 538 адамды түздү.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ай сайын берилүүчү жөлөк пулу бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда, ошондой эле өзгөчө макамга ээ айрым чек арага жакын калктуу конуштарда жашаган жарандарды (үй-бүлөлөрдү) мамлекеттик колдоо максатында дайындалат.

Жөлөк пул:үчүнчү жана андан кийинки балдарга,

3 жашка чейинки бала менен чогуу жашаган шартта дайындалат.

Жөлөк пул дайындоодо үй-бүлөнүн кирешеси жана социалдык-экономикалык абалы эске алынбайт.

Жөлөк пул алуу үчүн жарандар жашаган жери боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарына кайрылуусу зарыл.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты