Бишкекте «Бала ырысы» жөлөк пулун алууга арыз кабыл алына баштайт

2026-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаарында үч жашка чейинки балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөр үчүн ай сайын берилүүчү мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөкпулун дайындоого арыз жана документтерди кабыл алуу башталат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Жөлөкпулдун өлчөмү үч жашка чейинки ар бир балага ай сайын 1200 сомду түзөт жана аны алуу укугу үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет.

Шаар тургундары жөлөкпул алуу үчүн төмөнкү жолдордун бири аркылуу кайрыла алышат:

-“Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу;
— райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарга жеке кайрылуу аркылуу.

Жөлөкпул алуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

— ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) паспорту;
-баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
-мамлекеттик банкта ачылган банктык эсептин реквизиттери;
-арыз ээсинин жашаган жери тууралуу маалымат.

Бишкек шаарынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын байланыш маалыматтары:

Биринчи Май району – Жибек-Жолу проспектиси, 495Б. Тел.: (0312) 67-03-64;
Ленин району – Литвинов көчөсү, 2. Тел.: (0312) 65-37-21;
Октябрь району – Байтик Баатыр көчөсү, 17. Тел.: (0312) 57-02-95;
Свердлов району – Чүй проспектиси, 28. Тел.: (0312) 36-03-26.

8-марттын алдында президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга бериле турган “Бала ырысы” деп аталган жаңы ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулду киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үч жашка чейинки болжол менен 445 миңдей бала жашайт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты