Бишкек шаарында 22-августта унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин акыркы репетициясы  22-августта «Бишкек Арена» стадионунда өтөт. Ушуга байланыштуу саат 10:00дөн 19:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет:

– Аалы Токомбаев проспектиси — Чортеков көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин;

– Даркүл. Күйүкова көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Махатма Ганди (Муромская) көчөсүнө чейин;

– Эр-Тайлак көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин;

– Махатма Ганди көчөсү — Аалы Токомбаев проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин.

Борбор шаардын мэриясы иш-чарага байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет  булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты