Бишкек шаарында 1-сентябрь эс алуу күнү деп белгиленди
- 1 месяц мурун
Министрлер кабинети Бишкек шаарынын кызматкерлеринин айрым категориялары үчүн 2026-жылдын 1-сентябрын дем алыш күнү деп белгиледи.
Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул документ президенттин “Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында даярдалган.
Министрлер кабинетинин документинде Бишкек шаарынын мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын, мекемелеринин жана ишканаларынын кызматкерлери үчүн 2026-жылдын 1-сентябры дем алыш күнү деп белгиленди.
Аталган дем алыш күнү кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат;
Үзгүлтүксүз өндүрүштүк циклдеги мекемелердин кызматкерлерине эмгек акы төлөө Эмгек кодексине ылайык жүргүзүлөт.
Бишкек шаарындагы жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине кызматкерлерге бир күндүк орточо эмгек акысын сактоо менен 2026-жылдын 1-сентябрында дем алыш күнүн берүү сунушталды.
Бул токтом Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусу менен иш-чараларды өткөрүү мезгилинде транспорттук инфраструктуранын жүктөмүн азайтуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салуу тууралуу жарлыкка кол койду.
Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов бишкектиктерден 30-31-августта жана 1-сентябрда Ысык-Көлгө же башка эс алуу жайларына барып турууну суранды.
-30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышы болот. Өлкөбүзгө биринчи жолу 21 мамлекеттин жетекчилери бир учурда келишет. Айрымдары биринчи айымдар менен. Себеби президенттердин мамлекеттик сапарлары болмокчу. Ошондуктан Бишкек шаарынын тургундарынан сураныч: Ушул күндөрү Ысык-Көлгө же башка эс алуучу жайларга барып турсаңыздар. Болбосо шаар ичинде өзүңүздөргө эле ыңгайсыз болот.Үч күн бою жолдор тез-таз жабылып турат, -деди Алакөзов.
Ошондой эле Бишкекке шашылуунун кереги жок экенин эскертти:
-Мектеп окуучулары жана Жогорку окуу жайлардын студенттери 15-сентябрдан окуй башташат. 1-сентябрга карата Бишкекке шашылуунун кереги жок. Ошондуктан эс алуу күндөрүңүздөрдү 15-сентябрга чейин азыртан баштап пландасаңыздар болот,-деп кайрылды президенттин басма сөз катчысы.
Иллсютарциялык сүрөт: Интернет булактарынан




