Айрым аймактарда кошумча эс алуу күндөрүн белгилөө жарлыгы кабыл алынды
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салуу тууралуу жарлыкка кол койду.
“2026-жылдын 15-июлунан тартып 2027-жылдын 1-июлуна чейин Министрлер кабинетине тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча калк үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, мамлекеттик деңгээлде эл аралык жана мамлекеттик ички иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл болгон учурларда же ыкчам чечүүнү талап кылган башка өзгөчө жагдайларда Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысын сактоо менен дем алыш күндөрдү белгилөөгө укук берүүчү убактылуу укуктук жөнгө салуу киргизилсин” деп айтылат жарлыкта.
Министрлер Кабинети аталган чечимдердин колдонулушу жайылтылуучу аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тиешелүү чечимдердин долбоорлорун макулдашат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2027-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө жогоруда аталган убактылуу укуктук жөнгө салууну ишке ашыруунун алдын ала натыйжаларына мониторинг жүргүзөт жана ал оң бааланган учурда 2027-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгып, белгиленген тартипте Министрлер кабинетинин кароосуна киргизет.
Сүрөт: president.kg




