Бишкек шаардык сотунда Асия Сасыкбаеванын кармалышынын мыйзамдуулугу каралды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык сотунда Асия Сасыкбаеванын кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча сот прцесси болуп өттү. Шаардык сот Сасыкбаеванын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгүртүүсүз калтырды.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү, 20дан ашуун саясатчылар жана активиссттер Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты