Бишкек шаар мэриясы жер мунапысын алууга укугу бар жарандардын тизмесин жарыялады

  • 3 месяца мурун

Бишкек шаардык мэриясы жер мунапысына кирген объекттерге арыздарды кабыл алуу иштери улантылып жатканын кабарлады.

Бүгүнкү күндө документтерин толук тапшырган Ленин жана Октябрь  районунун  жарандарынын тизмелери белгилүү экени белгиленди.

Борбор калаада жарандардын мүлктүк укуктарын мамлекет тарабынан камсыз кылуу максатында, жер амнистиясын ишке ашырууну жөнгө салуучу «Жер жана укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамына ылайык,  мунапыс объектилерине арыздарды кабыл алуу улантылып жатканы эске салынды.

Арызды тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

— арыз ээсинин — жеке жактын өздүгүн ырастоочу документтеринин көчүрмөсү же юридикалык жактын каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
— жер участогуна укук белгилөөчү документтердин көчүрмөсү (бар болсо);
— техникалык паспорттун көчүрмөлөрү;
— нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өкүлдөрдүн ишеним каты;
— объектти сатып алуу фактысын ырастоочу документтер (бар болсо) (жерге мунапыс объектисин сатып алууну ырастоочу документтер же тиешелүү дүмүрчөктөр, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдүн дүмүрчөктөрү, жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктөр, ишеним каттар жана башка тиешелүү документтер).

Документтерди тапшыруу үчүн «Туңгуч» кичирайону, 57 дарегинде жайгашкан жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментине күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылсаңыздар болот.

Байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54.

СПИСОК объектов земельной амнистии по Октябрьскому административному району мэрии города Бишкек

СПИСОК объектов земельной амнистии по Ленинскому административному району мэрии города Бишкек


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты