Бишкек шаар башчысы Чыңгыз Айтматов көчөсүн кеңейтүүдө 66 үйдүн дубалы бузуларын билдирди

  • 2 месяца мурун

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисин кеңейтүү ишинин алкагында Киргизия конушундагы 66 үйдүн дубалынын бир бөлүгүн бузуу пландалып жатат.

Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев 27-мартта Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында айтты.

Мэриянын 1997-жылдагы буйругунун 2-бөлүгүндө үй ээлерине жолдор кеңейтилет, үй, дарбазаны бузууга туура келсе, кенемте төлөнбөйт деп айтылган.

«Биз азыр кенемте маселесин караган жокпуз деп билдирдик. Анткени биз мыйзамдуулук маселесин карап жатабыз — алар жерди кантип алышкан, жалпы план кантип бекитилген? 1997-жылы эле аларга кенемте берилбей турганы кабарланганбы, ушунун негизинде биз чечим кабыл алабыз. Бардык жагынан мыйзамдуу болсо гана кенемте маселеси каралат. Бирок колдогу документтерде баары мыйзамсыз экенине далил болууда» деди мэр.

Айтматов проспектисинин Масалиевден Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү кеңейтилип, 6 тилкелүү болору айтылган. Бул бөлүк оңдоо иштерине байланыштуу жабылды.

Жолдун четинде жайгашкан үйлөр кызыл сызыктан чыгып кеткен делип, башында 14 метрге артка кирери айтылган. Тургундардын нааразычылыгынан кийин мэрия 5 метрге жылышы керек деген талап коюуда.

Сүрөт: Бишкек мэри Айбек Жунушалиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты