Бишкек санэпидкөзөмөл борборунун санитардык дарыгери кармалды
- 11 месяцев мурун
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан оң корутунду берүү үчүн пара түрүндө системалуу негизде акча чогултуу боюнча мыйзамсыз схеманы уюштурган дарыгер С.Д.А. кармалды. Ал Бишкек шаардык «Башкы архитектурасынан» уруксат алуу үчүн, тиешелүү тараптарга санитардык нормалардын сакталышын тастыктаган уруксат кагаздарын мыйзамсыз берип жүргөн.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
12-июнь күнү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда аныкталган маалыматка ылайык, санитардык дарыгер С.Д.А.нын «МБанк» электрондук капчыгына чоң өлчөмдөгү акча каражаты которулган. Ошондой эле тинтүү учурунда С.Д.А.нын жанынан 25 миң сом, ал эми унаасынан 55 миң сом табылып алынган. Бул акча каражаттарынын келип чыгышын С.Д.А. түшүндүрүп бере алган эмес.
Дарыгер С.Д.А. кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлеринин ичинен аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.




