Бишкек-Самара поезди кагышкандан кийин жолун уланткан

  • 1 год мурун

Кечээ, 5-мартта, саат 10:20 да Батыш Казакстан облусунун Ак-Төбө шаарына жакын Бершүгүр станциясында Бишкектен Самарага бара жаткан Кыргыз темир жолунун №317.поездинин вагону капталынан тепловоз менен  кагышкан. Кагышкан вагондон жүргүнчүлөр башка вагонго которулган.  Анын кесепетинен үч вагон капталынан урулган. Жапа чеккен жүргүнчүлөр жок.

Кыргыз темир жолу  кагышкан вагондор башкаларына алмаштырылып, поезд жолун улап кеткенин билдирди.  

“Жабыркаган вагондордон жүргүнчүлөр башка вагондорго которулду. Жеңил жаракат алгандарга алгачкы жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилди. Поездде 10 вагон болгон, анын  8 вагонунда жүргүнчүлөр жана эки жүк ташыган вагон. Поездде бардыгы 229 жүргүнчү болгон. Жүргүнчүлөр жабыркаган жок. “Казакстан темир жолу менен бул кагышуунун кесепеттерин жоюу иштери аткарылып жатат” деп билдирди Кыргыз темир жолу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты