Бишкек-Ош жолунда кар көчкүнү тазалоо иштери жүрөт

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 18-мартта, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана коргоо министрлигинин кызматкерлери Бишкек-Ош унаа жолунун Чүй облусунун аймагында кар көчкүнү  түшүрүү иштерин жүргүзүшөрүн маалымдады.

17-март күнү Жалал-Абад облусунда Бишкек-Ош унаа жолунун кар көчкү түшүү кооптуулугу бар төмөнкү тилкелеринде артиллериялык эсепти колдонуу менен жумуш жүргүзүлдү. Алар:

— 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) кар көчкү түшкөн эмес;

— 227-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) көлөмү 46910м3 кар көчкү;

— 222-чакырымында (Ала-Бел тилкеси) 8820м3 жалпы көлөмү 161 130м3 кар көчкү түшүрүлгөн.

Бүгүн, 18-март күнү ӨКМдин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери Бишкек — Ош унаа жолунун Чүй облусунун аймагында кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү ишин жүргүзүшөт.

Ошондуктан кар көчкүнү түшүрүүдө унаа жолдо маал-маалы менен чектөө киргизилип турарын билдирип,  жарандарды сак болууга чакырды.  

Унаа жолдогу абалды билүү үчүн жана кырсык катталганда «112» номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты