Бишкек-Ош жолунда бензин тарткан унаа күйүп, эки киши каза тапты
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 25-январда, Бишкек-Ош жолунун 140-чакырымында, Жайыл районунда бензин тарткан унаа өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Окуя саат 11:36да болгон. Өрттү өчүрүүгө өрт өчүрүүчү отряд барган. Өрттүн кесепетинен эки киши каза болгондугу маалымдалды. Алардын тек-жайы такталууда.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




