Бишкек — Ош унаа жолундагы “Арал” посту ачылды

  • 3 месяца мурун

Бишкек – Ош унаа жолундагы Токтогул районунун «Арал» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 11:35те алынды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Буга чейин кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу “Арал» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө кечээ саат 19:25тен тартып убактылуу чектөө киргизилген.

Бишкек – Ош унаа жолунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 16-декабрда саат 09:30дө, чектөө алынды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты