Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүп, «Сосновка» посту жабылды

  • 2 года мурун

Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, саат 11:30дан тарта «Сосновка» посту унаалардын бардык түрү үчүн жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 120-121-чакырымында (Абла тилкеси) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды.

ӨКМден жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн атайын техника жана куткаруучулар тартылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты