Бишкек -Нарын-Торугарт унаа жолунун боюнда өрт чыкты

  • 2 месяца мурун

Бишкек -Нарын-Торугарт унаа жолунун боюнда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда бүгүн, 19-мартта Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюнда болжол менен 22-чакырымында куураган камыштан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 14:30да Ысык-Ата райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 14:33тө Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан кошумча дагы 1 бөлүм тартылган.

Учурда өрттү чектөө боюнча ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

ӨКМ кошумча маалымат берилерин билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты