Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда автотрейлер күйүп кетти
- 2 недели мурун
Бүгүн, 10-январда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 156-чакырымында унаа ташыган автотрейлер күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай автотрейлерде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат күндүзү саат 11:02де түшкөн. Жерине Балыкчы шаары боюнча №19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 11:54тө өрт чектөөгө алынып, 12:14тө толук өчүрүлгөн.
Жабыркагандар жок экендиги белгилүү болду. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жаткандыгы айтылды.
Сүрөт: ӨКМнын басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү