Бишкек мэриясынын кызматкерлерине жеке жана кызматтык унаа пайдаланууга чектөө киргизилет

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу, коомдук транспорттун ишинин сапатына мониторинг жана талдоо жүргүзүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлерине жеке жана кызматтык автоунаасын пайдаланууга чектөө киргизилет.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Ага ылайык, аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү муниципалдык кызматкерлер авто унаанын ордуна коомдук транспортту колдонууга милдеттүү болушат. Аталган эки күн унаа кыймылы эң көп болгон күндөр катары тандалып алынды.

Бул өз кезегинде, транспорттук тутумдун өнүгүшүнө өбөлгө болот жана атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтары айтылат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты