Бишкек мэриясына атайын техника сатып алуу үчүн 2024-жылы шаар бюджетинен 1,0 млрд сом бөлүнгөн

  • 2 месяца мурун

Муниципалдык автопаркты модернизациялоо программасын ишке ашыруунун алкагында, муниципалдык ишканалар үчүн 238 заманбап атайын техника сатып алуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 2024-жылы шаардык бюджеттен 1,0 млрд сом бөлүнгөнү маалымдалды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтарынын муктаждыктары үчүн сатып алынган жаңы атайын техникалар менен таанышты.   

Сатып алынган атайын техникаларга – таштандыларды ташуучу унаалар, шыпыруучу жана сугаруу машиналары, бак-дарактарды бутоо жана жашылдандыруу үчүн машиналар, көчөлөрдү жарыктандырууда колдонулуучу машиналар, жол инфраструктурасын тейлөө үчүн техникалар, бульдозерлор, самосвалдар, ошондой эле авариялык жана суу ташуучу унаалар кирет.    

Мындан тышкары, түркиялык “Isuzu” өндүрүүчүсүнүн экологиялык жактан таза суюлтулган газ менен жүргөн жаңы заманбап автобустары көрсөтүлдү.  

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты