Бишкек мэриясы «Тянь-Шань-Лада» компаниясына жер берүү токтомун жокко чыгарды

  • 11 месяцев мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 5-сентябрындагы №246 токтому менен Бишкек шаарынын мэриясынын «Горький көчөсүндөгү административдик-тиричилик имаратынын курулушун аяктоо үчүн убактылуу пайдаланууга «Тянь-Шань-Лада» ААКга жер тилкесин берүү жөнүндө» 2005-жылдын 16-мартындагы №257 токтому жокко чыгарылды.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын мэриясынын 2005-жылдын 16-мартындагы № 257 токтому менен «Тянь-Шань-Лада» ачык акционердик коомуна (ААК) Горький (азыркы Анкара көчөсү, 3) көчөсүндөгү административдик-тиричилик корпусунун курулушун аяктоо үчүн 0,29 га жер тилкеси 49 жылга ижарага берилген. Мониторингдин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы аталган жер участогу иш жүзүндө пайдаланылбай жаткандыгы аныкталган. Бул ижара келишиминин шарттарын жана жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп саналат.

Мындан тышкары 2006-жылдын 13-апрелиндеги №136 жер тилкесин ижарага алуу келишими боюнча ижара акысы боюнча карызы бар экендиги белгиленген.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 5-сентябрындагы №246 токтому менен Бишкек шаарынын мэриясынын Горький көчөсүндөгү административдик-тиричилик имаратынын курулушун аяктоо үчүн убактылуу пайдаланууга «Тянь-Шань-Лада» ААКга жер тилкесин берүү жөнүндө» 2005-жылдын 16-мартындагы №257 токтому жокко чыгарылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясы. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты