Бишкек мэриясы лифттеги окуя боюнча комиссия түздү

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык мэриясы 11-январда лифтке кыпчылып каза тапкан адамдын окуясын иликтөө үчүн тармактар аралык комиссия түздү.

Комиссиянын курамына «Бишкеклифт» муниципиалдык ишканасы, Октябрь райондук акимчилиги, Энергетика министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү кирди.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, комиссия окуя болгон жерге экспертиза жүргүзүп, соттук-медициналык экспертизаны эске алуу менен анын корутундусун даярдамай болду. Окуяны укук коргоо органдары да иликтейт.

11-январда Бишкектеги Улан кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде лифт өз алдынча иштеп кетип, бир адам кыпчылып көз жумган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты