Бишкектин 38 жаштагы тургуну лифтке кыпчылып калып каза тапты

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Улан-1 кичи районунда 38 жаштагы киши көп кабаттуу үйдүн лифтине кыпчылып калып каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, 38 жаштагы А. К. аттуу жаран коляскадагы баласы менен лифтке кирип жаткан учурда лифт белгисиз себептерден улам иштеп кеткен. Анын натыйжасында А. К. каза тапкан. Ал эми ымыркай жабыркаган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты