Мэрия муниципалдык менчикти ижарага алгандарды шылуундардан сак болууну эскертти

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти ижарачыларды телефон аркылуу алдамчылык кылгандардан сак болууну суранды. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Маалыматка караганда, акыркы убактарда Бишкекте муниципалдык менчикти ижарага алган жарандарга шылуундар телефон аркылуу чалып, ижара акысын кайсы бир эсепке которууну же келишим түзүүдө кандайдыр бир маселелерди чечүүнү айтып, алдаган учурлар көп катталууда.

«Эгер сизге белгисиз номерден чалып, шектүү эсепке акча которууну талап кылса, район боюнча өзүңүздүн кураторлоруңузга кабарлап коюуңузду суранабыз»,- деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы мындай учурларда төмөнкү номерлер менен байланышууну сунуштады:

— Бишкек шаарынын мэриясынын Call-борбору — 0554 182 185;
— Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин кабылдамасы — 0312 97 91 95 кошумча (4229).

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты