«Бишкек шаар лифт» ишканасына жаңы директор дайындалды

  • 2 месяца мурун

Кубанычбек Асылбеков  «Бишкек шаар лифт» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкек шаар лифт» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору коррупциялык схема уюштурууга шектелип камалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган ишкананын мурдагы жетекчиси С.М.А. жана башкы бухгалтери Бишкек шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнө лифт орноткон уюмдарга төлөп берүүгө арналган бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушканы аныкталган.

Сүрөттө: Кубанычбек Асылбеков. Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты