Бишкекте көп кабаттуу жаңы үйдүн лифтинен бир киши жабыркады
- 4 месяца мурун
Бишкекте мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынган көп кабаттуу үйдөгү лифт бузулуп, 29 жаштагы киши жабыркады.
Бул тууралуу социалдык тармактарда маалымдалды.
Кырсык Бишкек шаарындагы Маликов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдө болгон. “Тез жардам” кызматына чакыруу саат 13:41де түшкөн. Жабырлануучу жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын абалын туруктуу оор деп баалоодо.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын басма сөз кызматы бул окуя боюнча жоопкерчилик ал үйлөргө лифт орноткон Hyundai Elevators компаниясында экенин билдирди.
“Бул турак үйлөргө лифттерди орноткон Hyundai Elevators компаниясы бир жылдык кепилдик берген. Ошол себептүү техникалык мүчүлүштүктөр жана лифтке байланыштуу мүмкүн болгон көрүнүштөр орнотуучу компаниянын жоопкерчилигинде”деп жазды МИКтин басма сөз кызматы.
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы аталган окуя боюнча териштирүү жүргүзүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




