Бишкек мэриясы гараж кооперативинин ордуна мектеп салынарын билдирди

  • 1 год мурун

Борбор калаадагы Көк-Жар кичирайонундагы гараждык кооперативдин ордуна жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Көк-Жар кичирайонундагы гараждык кооперативдин орду жаңы мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн  Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине өткөрүлүп берилген.

«Өз кезегинде «Бишкекбашкыархитектура» бул аймакта билим берүү мекемесин түзүү зарылдыгын тастыктаган шаар куруу корутундусун даярдаган. Ошентип, 2024-жылдын 9-октябрында Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан 710 объектти өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча билдирүү жөнөтүлгөн»,- деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы бүгүнкү күндө 640 гараж ыктыярдуу түрдө демонтаждалганын билдирди. Ошондой эле жарандарды муниципалитеттин жүргүзүп жаткан иштерине түшүнүү менен мамиле кылуусун суранды.

«Башаламан жайгашкан гараждардын ордунда кичинекей бишкектиктер үчүн жаңы заманбап,  ыңгайлуу  мектеп пайда болуп шаардыктар жаңы жумуш орду менен камсыз болот»,- деп маалымдады шаар мэриясы.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты