Эми автобекеттерде билеттерди күн мурун онлайн түрдө сатып ала аласыз (шилтеме)

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын мэриясы борбордогу автобекеттерде билеттерди алдын ала брондоо жана сатып алуу системасын ишке киргизди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Бул система эл аралык жана шаарлар аралык каттамдар үчүн иштейт. Билеттерди https://tezket.kg/ расмий сайтынан сатып ала аласыз. 

Ошондой эле билетти 10 күн мурун брондоп коюуга мүмкүн. Сайт аркылуу маршрутту, кете турчу күндү жана жүргүнчүлөрдүн санын көрүүгө болот. Маршрутту тандагандан кийин анкета толтурулуп, билет үчүн төлөм жүргүзүшүңүз керек.

Учурда Алма-Ата 1/1 көчөсүндөгү “Бишкек автобекети” жана “Ак-Кула” ат майданынын жанында убактылуу иштеп жаткан батыш автобекети кадимки тартипте иш алып барып жаткандыгы айтылды.

“Бишкек автобекетине” төмөнкү муниципалдык транспорт каттамдары жүрөт:
• Автобустар: №13, №34 жана №8(Т)
• Микроавтобустар: №123 жана №128

“Ак-Кула” ат майданына төмөнкү автобустар каттайт:
• №13, №40 жана №32

Маанилүү: Бишкек мэриясы “Ак-Кула” ат майданындагы убактылуу иштеп жаткан батыш автобекетинде билеттерди алдын ала брондоо жана сатуу системасы техникалык маселелер чечилгенден кийин жакынкы аралыкта ишке киргизилерин эскертти.

Сүрөт: tezket.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты