Бишкек мэриясы күйүп кеткен «Чатыр-Көл» кинотеатрынын имаратын маданий борборго айлантуу демилгесин көтөрдү
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарынын мэриясы «Чатыр-Көл» кинотеатры боюнча токтом долбоорун Министрлер Кабинетине макулдашууга жөнөттү. Токтом долбоорунун негизинде учурда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу болгон кинотеатрды Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүп алуу пландалууда.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Маалыматта айтылгандай, мэрия жергиликтүү бюджеттин эсебинен аталган имаратты жаңылап кайра куруу боюнча милдеттенме алып жатат. Бишкек шаардык архитектура башкармалыгы тарабынан объекттин эскиздик планы даярдалды.
Токтом долбооруна кол коюлса, имаратта демонтаждоо иштери жүргүзүлүп, ордуна заманбап маданий борбор курулат. Бул маданий борбордо шаар тургундары жана коноктору үчүн бардык шарттар түзүлүп, унаа токтотуучу жай жана керектүү инфраструктура каралат.
6-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь районунун Токтоналиев көчөсүндөгү «Чатыр-Көл» кинотетарынын имаратынан өрт чыккан.
Сүрөт: Күйүп кеткен «Чатыр-Көл» кинотеатрынын имараты. bishkek.gov.kg




