Борбор шаардын «Чатыр-Көл» кинотеатрынын эски имаратынан өрт чыкты

Бүгүн, 6-ноябрда, баштапкы маалымат боюнча, Бишкек шаарынын Октябрь районунун Токтоналиев көчөсүндөгү эски имараттан өрт чыкты.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 17:13тө Октябрь райондук №5 өрттөн куткаруу бөлүгүнөн өрт өчүрүүчү унаа тартылган.

Кошумча саат 17:18де №5 бөлүктөн бир, Свердлов райондук №3 бөлүктөн бир, Биринчи май райондук №4 бөлүктөн бир, жалпы 4 өрт өчүрүүчү унаа жана штаб тартылды.

Ал эми саат 17:50дө кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам тобу жерине барып, ыкчам аракеттерди көрүп жатышат.

Сүрөт: АКИpress

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты