Бишкек мэриясы борбор шаарда жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизди
- 12 месяцев мурун
Бишкек шаарынын мэриясы шаардын көчөлөрүндө оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизди. Жол коопсуздугун камсыздоо, жолдордун сапатын сактоо жана пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатын көздөйт.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Ал 1-октябрга чейин саат 10:00дөн 19:00гө чейин күчүндө болот. Бул мезгилде муниципалдык жолдордо уруксат берилген максималдуу салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат.
Убактылуу чектөө гуманитардык жардамды жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташууга, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан автомобиль жолдорун курууга жана оңдоого тартылган жана Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык тапшырманын негизинде жүк ташыган унааларга жайылтылбайт.
Белгиленгендей, ысык аба ырайында каттаган оор жүк ташуучу унаалар асфальтты бузган фактылары көбөйгөн. Ошондой эле шаар тургундары мындай унаалардын түнкүсүн гана жүрүүсүнө уруксат берүү жагын суранышкан.
Белгиленген талаптар бузулган учурда тартип бузгандар “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 181-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Сүрөт: bishek.gov.kg




