Бишкек ИИБ башчысы Азамат Ногойбаевдин отставкасы үчүн митинг өтөт

  • 1 год мурун

Бүгүн, 3-апрелде, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) башчысы Азамат Ногойбаевдин отставкасы үчүн митинг өтөт.

Митинг шаардык ИИБ имаратынын алдында, саат 11де өтөрү белгиленген. Акциянын себеби- Азамат Ногойбаевдин зомбулуктан жапа чеккен секелек кыздар тууралуу айткандары негиз болгон.

Буга чейин ИИБ башчысы Ногойбаев мекеменин басма сөз кызматы тарабынан социалдык тармакта уюштурулган түз эфир учурунда жаш кыздар эрезеге жеткен эркектер менен «өз ыктыяры» менен жыныстык катнашка барарын жана ушундан улам ар кандай кесепеттүү окуялар болуп кетээрин билдирген.

Ногойбаевдин сөзү коомчулукта сын-пикирге кабылып, секелек кыздар эч убакта «өз каалоосу» менен андай окуяларга барбасын жана бул негиз кылмыш жасагандарды актоо экенин билдиришүүдө.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Бишкек шаарынын ИИБ башчысы Азамат Ногойбаевдин социалдык тармактын түз эфиринде айткандары боюнча териштирүү жүрүп жатканын маалымдады.

Шаардык ИИБ жетекчиси Азамат Ногойбаевдин социалдык тармактагы түз эфири бул шилтемеде.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты