Бишкек электр тармактар ишканасынын жооптуу кызматкери кармалды

  • 2 года мурун

25-декабрда кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүндө (өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 1 млн 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсынын Бишкек электр тармактар ишканасынын ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын улук инспектору 1983-жылы туулган К.С.Ж. кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран материалдык кызыкчылыкты көздөп, жаңы турак жай комплекстерин электр тармагына кошуу үчүн техникалык шарттарды берүүдө жеке курулуш компанияларынан акча талап кылгандыгы аныкталган.

Сүрөт: УКМК басма өз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты