Бишкекте эл аралык кинофестиваль өтөт

  • 2 месяца мурун

Бишкек эл аралык кинофестивалы 11-июндан 15-июнга чейин Бишкекте экинчи жолу өткөрүлөт.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.    

Маалыматта айтылгандай, 2024-жылы фестиваль Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналып, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда уюштурулууда.

Кинофестивалга 26 өлкөдөн 70тен ашык конок жана 200гө жакын кинорежиссер келет. Кинофестивалдын алкагында 30дан ашык тасма көрсөтүлүп, 6 мастер-класс жана байге фонду менен питчинг уюштурулат.

Кинофестивалдын программасына ошондой эле Борбор Азия жана эл аралык сынактар, «Ретроспектива» программасынын тасмаларынын көрсөтүлүшү, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген кинорежиссерлордун жана маданият ишмерлеринин катышуусунда панелдик талкуулар каралган.

Борбор Азиялык сынактын программасына Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын кинорежиссерлорунун 11 тасмасы коюлат.

Бишкек эл аралык кинофестивалы биринчи жолу 2023-жылдын 17-21-ноябрында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты