Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын тизмесинин сап башына чыкты

  • 2 года мурун

Кечээ, 7-ноябрда Бишкек шаары World Air Quality рейтинги боюнча дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын тизмесинде биринчи орунга чыкты.

Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын тизмесинин сап башына чыкты

World Air Quality сайтындагы маалыматка ылайык, Бишкектин абасындагы микродисперст PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы 269 AQI түздү.

Абанын булгануусу боюнча экинчи орунда Индиянын борбор шаары Нью-Дели турат. Андан соң Пакистандын Карачи жана Лахор шаарлары, бешинчи орунда Израилдин борборду Тель-Авив турат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун нармаларына ылайык, PM2.5тин орточо жылдык деңгээли бир куб метрге 10 мкгдан ашпоого тийиш, ал эми орточо суткалык деңгээли бир куб метрге 25 мкгдан ашпашы керек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты