Бишкек: Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат. Автобустардын кыймыл схемасы өзгөртүлдү
- 2 года мурун
Эртең, 26-июлдан тартып Бишкек шаарынын Чүй проспектисинин Султан Ибраимов көчөсүнөн Төрөкул Айматов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Буга байланыштуу № 7, 11, 17, 21, 31, 34, 36, 38, 42, 50, 104, 135, 152, 166, 216, 222, 227-автобустук каттамдардын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Кыймыл схемаларын бул шилтемеден караңыз.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




