Бишкек бүгүн дүйнөдө абасынын сапаты начар шаарлардын сап башына чыкты
- 1 неделя мурун
Бүгүн, 4-февралда, саат 15:45ке карата Бишкек шаары IQAir дүйнөлүк рейтингинде абасынын сапаты начар шаарлардын биринчи катарына чыкты. Мындагы AQI⁺ 233 болуп, абанын сапаты абдан начар деп бааланды. Ал эми саат 15:55ке карата, бул көрсөткүч боюнча Индия шаары биринчи, Бишкек экинчи орунда болду.
Абанын булганычтыгы боюнча Дели жана Бишкек шаарларынан кийин Ташкент, Бангладештин Дакка, Пакистандын Лахор шаарларынын абасынын сапаты абдан начар деп эсептелди.
21-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Ыш менен байланышкан экологиялык абал жөнүндө» маалымат берилди.
20-январда Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында экология, Бишкектеги ыш маселеси талкууланды. Депутат Балбак Түлөбаев ыш менен күрөшүүгө делген 50 миллион долларды өкмөттүн мэрияга берип коюусун суранды. Түлөбаев ошондой эле Бишкектеги ышты чечүүнүн жолдорун сунуштады.
Ошондой эле Балбак Түлөбаев үч маселе менен ышты чечсе болорун билдирди.
1. Көмүр. Кара-Кеченин көмүрүн киргизбейсиңер. 4 районго 4 склад саласыңар. Шабыргүлгө окшогон зыяны жок көмүрдү мүшөккө салып сатасыңар. Автоматтык түрдө 30-40 пайыз ыш жоголот. Ал түгүл Кант-цемент заводун 3 жылдан бери какшап айтып жатабыз, унчукпай отурасыңар, Бишкекти ууландырып жатат.
2. Катализаторлор. Кытайлар катализаторлорду алып келип жатыптыр. Катализаторду койдурсаңар, өкмөт мэрияга полномочиени бергиле да. Ошону алып келгиле. Дагы 30 пайыз чечилет.
3. Газпром менен иштеш керек. Кышкысын “кышкы тариф” бергиле. Декабрь-январь-февралга, баарыбыз газификацияга шыгырап өтүп беребиз. Эгер “Газпром”, бербейби, анда башка компаниялар менен сүйлөшүш керек, Азербайжан, Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан менен сүйлөшөлү. “Кышкы тариф” менен бергиле. Мэрия азыр ТЭЦти газга өткөрсө, мэриянын эчтекеси калбай калат, “шымы” да калбай калат.
4. Пробкада турган машина көп жагып жатат. Марлен Маматалиев болуп, сунуш айтылган, айланма жолду салабыз, темир жолду тышка алып чыгабыз деп. Темир жолду сыртка алып чыкканга мэриянын күчү жетпейт. Жардам бергиле да мэрияга. Автобус пробка жаратат, же монорельс, же метро салыш керек, башка жол жок. Автобус пробканы чечпейт, бул элди ташуу үчүн, айла жоктон кылган иш,-деди Балбак Түлөбаев.
Кийинки кездерде Бишкек абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде абасы булганыч шаарлардын катарынан орун алууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан