Бишкек — Ала-Арча каттамы кайрадан ишке кирди
- 1 месяц мурун
Шаар тургундарынын көптөгөн кайрылууларынын негизинде Бишкек -Ала -Арча жарым-жартылай экспресс каттамы кайрадан өз ишин баштады.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Каттамдын акыркы аялдамалары Бишкек шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта жана Ала-Арча жаратылыш паркында орун алган.
Иш убактысы 08:00-19:00 чейин, ал эми төлөм жүргүзүү накталай болсо 50 сом, накталай эмес болсо 40 сомду түзөт.
Бишкек-Ала-Арча экспресс каттамын 12 метрлик заманбап “Исузу” автобустары тейлейт.
Аталган каттамда 6 автобус 20-30 мүнөт аралыгында иш алып барып, Жусуп Абдрахманов көчөсү аркылуу жүрөт.

Сүрөт: Бишкек мэриясы
Муну бөлүшүү