Бишкек, 6-декабрь. Абанын ыраңы — боз
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 6-декабрь 17:00го карата Бишкек шаарындагы абанын сапатынын көрсөткүчү 184 (AQI) түзүп, “кооптуу” деңгээлге жетти. Ири шаарлардагы абанын булганышы боюнча World Air Quality рейтингинде Бишкек Шанхай жана Тегерандан кийинки 3-орунга чыкты.
Аба сапатынын индекси (AQI) – бул абанын канчалык таза же зыяндуу экенин баалоочу көрсөткүч. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму таза абанын камсыз болушу үчүн PM2.5 деп аталган зыяндуу бөлүкчөлөрдүн орточо жылдык деңгээли 5 мкг/м³ден ашпашы керек деп сунуш кылат.
Ал эми Бишкекте бул көрсөткүч сунуш кылынган нормадан 17.9 эсе жогору болуп турат.
Шаар тургундарына сыртта сейилдөөдөн жана активдүү кыймыл аракеттен алыс болуу сунушталат. Ыштан коргонуу үчүн маска, майда бөлүкчөлөрдү өткөрбөй турган респиратор тагынган оң.
Сүрөт: интернет булактары